Бишкекте Next TV каналын колдоо митинги өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкекте бүгүн, 5-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Next TV каналын колдоо митинги өтүп жатат.

Биринчи май райондук сотунда   Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасы каралаn.

Митингге чыккандар “Таалай Дүйшөнбиевге боштондук!” “Сөз эркиндиги коркунучта!”, “Журналисттер бириккиле!” ж.б. ураандар жазылган плакаттарды кармап турушат.   

Каналдын учредители Равшан Жээнбеков бул басымдын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан болуп жатканын белгиледи.

-Эки айдан бери басым кылып келе жатышат, каналды жапкыла, же Таалайды, же сени камайбыз,-деп жатышат, -деди Жээнбеков.

Учурда телеканалдын офиси, студиясы жабылып, техникасы тартылып алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камалган. 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өз билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.    

Бишкекте Next TV каналын колдоо митинги өтүп жатат
Сүрөттөр: ПолитКлиника
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты