Медиа Полиси Институту: Next TV директору Дүйшөнбиевди камоо мыйзамды одоно бузуу болуп саналат

Медиа Полиси Институту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөө абагына камоо чечими КР Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат деп билдирди. Бул боюнча МПИ далилдерди келтирди.

Медиа Полиси Институтунун (МПИ) комментарийи:

-Укук коргоо органдары телеканалдын жетекчисине карата мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен кылмыш ишин козгоп, жарыяланган материалдын мыйзамсыздыгын белгилеген соттун чечими жок иш жүзүндө телеканалдын көрсөтүүлөрүн токтоткон. Муну менен катар телеканалдын жетекчисин башка адамдар жасаган контент (комментарийлер) үчүн жоопкерчиликке тартуу аракети көрүлүүдө.

Иш материалдарында чукул арада телеканалдын эфирин токтотуу, кеңсесине мөөр басуу, компьютердик жабдууларды жана маалыматты сактагычтарды алып коюу зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөр жок, ал эми тергөөнүн предметине айланган маек жада калса эфирге да чыга элек. Айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдо конкреттүү фамилиялар тургай, Т.Дүйшөнбиев менен көмүскө бүтүм түзүп алышы мүмкүн болгон адамга бир дагы шилтеме берилген эмес (ошондуктан, КР Жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун белгилерин квалификациялоо такыр эле жүйөсүз болууда).

Сот отурумунун жүрүшүндө тергөө Таалай Дүйшөнбиевди камакка алуудан башка баш коргоо чарасы колдонулса, ал качып кетиши мүмкүн экенин тастыктаган бир дагы далил келтирген эмес. Соттун укук коргоо органдарынын иш-аракеттери адамдын күнөөсүздүк презумпциясынын принцибин одоно бузуу болуп саналат, себеби тергөө баскычында да (мыйзамда белгиленген тартипте күнөөсү далилденбеген учурда жана соттун мыйзамдуу күчкө ээ өкүмү чыга электе) укук коргоо органы Т.Дүйшөнбиевге кандайдыр бир максатты коюп жатат.

Ал тургай, тергөөнүн түшүндүрмөлөрү акылга сыярлык көз караштан алып караганда да олуттуу суроолорду жаратууда, себеби алардын түшүндүрмөлөрү бир нерсени ырастап турат: бийликти бөлүштүрүүнүн жана каршы салмак системаларынын иштеп жаткан модели бар өлкөлөрдө саясий чечимдер ЖМКда бирин-серин учуроочу басылманын негизинде кабыл алынбайт деген кандайдыр бир сергек түшүнүк тергөөдө жок болгонун тастыктоодо.

Иштин таржымалы

2022-жылдын 3-мартында кечке жуук УКМКнын басма сөз борбору Next TV телеканалына улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошол эле түнү телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев КР УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Көп өтпөй 2022-жылдын 5-мартында аны айыпталуучу катары тартуу тууралуу токтомдон белгилүү болгондой, Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевге КР кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен кылмыш иши козголгон, б.а. “алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан” кылмыш жасады деп айыпталууда.

Бул берене менен айыптуу деп табылса, ал беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомго ылайык, Т.Дүйшөнбиев “Next TV” телерадиокомпаниясынын айрым кызматкерлери жана башка адамдар менен алдын ала бүтүм түзүп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу максатында Украинанын аймагындагы жаңжалда Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясына аскердик жардам көрсөтөөрү тууралуу көз көрүнө  жалган маалыматты социалдык тармактарга чыгарган”.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бул максатына жетүү үчүн 2022-жылдын 3-мартында Т.Дүйшөнбиев телеканалдын башка кызматкерлери менен биргеликте Instagram жана Facebook социалдык түйүндөрүндө “Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы А.Мусаевдин айтымында, жашыруун деңгээлде Тажикстан менен Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен” деген аталыш менен макаланы жайгаштырышкан. УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы да Т.Дүйшөнбиев “Кыргызстанга европалык мамлекеттердин санкциясы түрүндө мүмкүн болуучу экономикалык блокаданы киргизүү максатын көздөгөн” деп билдирди.

МЕДИА ПОЛИСИ ИНСТИТУТУНУН КОММЕНТАРИЙИ:

  1. Телеканалдын социалдык желелердеги баракчаларына жарыяланган материалдар үчүн Next TV телеканалынын жабылышы

“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР мыйзамынын жоболоруна ылайык, маалыматтык материалдар “материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө талабын билдирген прокурордун арызынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды өндүрүүнү жүзөгө ашырган уюмдун жайгашкан жери боюнча сот тарабынан иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен таанылат” (13-берене).

Материалдарды экстремисттик деп таануунун тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик кодексинин 25-1-главасында толук көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесине ылайык, жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын таратууну токтото турууга же токтотууга соттун гана чечими боюнча жол берилет. Бирок, мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен укук коргоо органдары телеканалдын жетекчисине кылмыш ишин козгоп, жарыяланган материалдын мыйзамсыздыгын аныктаган соттун чечими болбосо да, иш жүзүндө телеканалдын эфирин токтоткон.

Ошондой эле, тергөөнүн версиясы боюнча, бул басылманын астында “көп сандаган чагымчыл комментарийлер” калтырылган. Чынында, укук коргоо органдары директор Т.Дүйшөнбиевге социалдык тармактардын башка белгисиз колдонуучулары жазган пикирлер үчүн да айып коюуда. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров да, укук коргоо органдарынын билдиришинче, ага эч кандай тиешеси жок маалыматтар анын атынан жарыяланган жагдайга туш болгон. Айталы, УКМК 2021-жылдын март айында Президент Садыр Жапаровдун “Фейсбуктагы” жеке баракчасын бузуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирген. Бул иликтөө Садыр Жапаровдун жеке баракчасына КР Конституциясынын долбоорун сындаган депутат Дастан Бекешевдин дарегине кемсинткен комментарий жарыялангандан кийин башталган. Тилекке каршы, бир жыл өтсө да, бул маселеге коомчулуктун кызыгуусу анык болгону менен, УКМК ал иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

Дагы бир ушуга окшош мисал: Президенттин басма сөз кызматы 2021-жылдын 26-апрелинде мамлекет башчысынын статусуна туура келбеген маалыматтар жарыяланып турган @za.sadyr.zhaparov телеграм-каналы өлкө башчынын тарапташтары тарабынан жүргүзүлөт деп билдирген. Мындай билдирүүнү өлкө башчынын басма сөз кызматы сынга жооп катары жарыялап, @za.sadyr.zhaparov телеграм-каналы таратып жаткан бири-бирине каршы келген пикирлерге Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок экенин маалымдаган.

  1. Укук коргоо органдары телеканалдын кеңсесине мөөр басып, телеканалдын көрсөтүүсүн токтотту

2022-жылдын 3-мартында кечинде жогорудагы кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсү, 24-үй дареги боюнча жайгашкан “Бакайнур-Мега” ЖЧКсынын имаратында КР УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү иштеринин натыйжасында кызматкерлер компьютердик жабдуулардын бир бөлүгүн, техникалык каражаттарды жана документтерди алып кетишкен. Тинтүү жана жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды алуу иштери аяктагандан кийин  УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Н.Нуралиев “Бакайнур-Мега” ЖЧКсынын иш бөлмөлөрүнүн эшиктерине мөөр баскан. Бул жакта аппаратура жана техникалык каражаттар жайгашкан, алар “Бакайнур-Мега” ЖЧКсынын жеке менчиги болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрүн бирдей деңгээлде тааныйт жана коргойт. Айталы, Баш мыйзамдын 15-беренесинде “менчик кол тийгис, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими менен гана жол берилет” деп белгиленген.

Жазык-процесстик кодексинин 212-беренесине ылайык, өзгөчө учурларда, “изделген жана алып коюуга жаткан объект жоголуп кетиши, бузулушу же кылмыштуу максаттарда пайдаланылышы ыктымал, же издөөдө жүргөн адам из жашырып кетиши мүмкүн” деген чыныгы коркунуч болгондо тергөө судьясынын уруксатысыз чукул тинтүү жана алып коюу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Өз кезегинде “эгерде мүлк шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында алынган деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгондо, шектүүнүн, айыпкердин, материалдык зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын же башка адамдардын мүлкүнө камак салынат” (КР ЖПК 121-беренесинин 4-пункту).

Ошол эле учурда жазык-процесстик мыйзамдарда “бөлмөдө же башка жерде же адамда кылмыштын куралдары, кылмыш ишине тиешелүү болушу мүмкүн буюмдар, документтер жана баалуулуктар болушу ыктымал деп эсептөө үчүн жетиштүү маалыматтардын болушу тинтүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат” деп белгиленет.

Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине аны тескөөгө жана зарыл учурларда аны пайдаланууга тыюу салуудан, ошондой эле мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат (КР ЖПКнын 121-беренесинин 7-пункту). Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинде мындай деп көрсөтүлгөн: “тергөө судьясы тарабынан камак салынган мүлк алынып коюлушу же болбосо мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон ошол мүлктүн ээсине же болбосо башка адамга сактоого өткөрүп берилиши мүмкүн, протоколго бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат”.

Бирок, жогоруда аталган маек жада калса эфирге чыкпаган телеканалды чукул арада толугу менен жабуу, имаратка мөөр басуу, компьютердик жабдууларды жана маалымат сактагычтарды алып коюу зарылчылыгы эмне үчүн келип чыкканы иштин материалдарында түшүндүрүлгөн эмес. Укук коргоо органдары өздөрүнүн аракеттери менен менчик укуктарын жана процессуалдык жоболорду бузгандан тышкары, жарандардын пикир билдирүү экриндигине, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалымат алуу укугуна болгон конституциялык укуктарын да бузуп жатышат.

  1. Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди кармоо жана эки айга камакка алуу

Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: “Бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө, ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган негиздер болгондо, анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы, сот шектенүүнүн негиздүүлүгүн, шектүүнүн, айыпкердин инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларды эске алат”.

Тергөө Т. Дүйшөнбиевди кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмышка айыптоодо – расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасоого айыпталууда. 2-бөлүктүн 4-пунктун айыптоочу тарап камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө өтүнүчтү негиздөө үчүн гана кошкон. Дүйшөнбиевди айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтомдо конкреттүү фамилияларды айтпай эле коёлу, жада калса биз жактап жаткан адам сүйлөшүп алышы мүмкүн делген адам тууралуу бир да сөз жок. Башкача айтканда, бул ченемдин 2-бөлүгүнүн квалификациялык белгиси такыр негизделген эмес.

Дүйшөнбиев  эч кандай кылмыш жасаган эмес жана “Бакайнур-Мега” ЖЧКсынын башкы директору катары ага жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, жарыяланган маалыматтык материалга анын эч кандай тиешеси жок. Сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алып жатканда тергөө органдарынын негизсиз жана эч кандай далилдер менен бекемделбеген божомолдоруна гана таянган.

Тергөө судьясы аныктамада мындай чечимди кабыл алууга себеп болгон конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайларды көрсөтүүгө милдеттүү (КР Жазык-процесстик кодексинин 114-беренесинин 1-пункту). Бирок сот отурумунун жүрүшүндө тергөө Таалай Дүйшөнбиевге камакка алуудан башка баш коргоо чарасы колдонулса, ал качып кетиши мүмкүн экенин тастыктаган эч кандай далил келтирген эмес. 

Соттун укук коргоо органдарынын аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын күнөөсүздүк презумпциясынын принцибин одоно бузуу болуп саналат.

Конституцияда “эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүүлүгүнө карата ар кандай күмөн саноолор айыпталуучунун пайдасына чечмеленет” деп көрсөтүлгөн (КР Конституциясынын 57-беренеси). Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн экени белгиленген.

Ошол эле учурда киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-пункту). Телеканалдын директорун УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча бул аракеттер Конституциянын 23-беренесинин 2-пунктуна каршы келет. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 105-беренесине ылайык, “айыпталуучу тергөөдөн же соттон качып кетет, же күбөнү, жазык процессинин башка катышуучуларын коркутушу мүмкүн, далилдерди жок кылууга, башка жолдор менен тергөөнү калыс жүргүзүүгө жана ишти сотто кароого тоскоолдук кылышы мүмкүн” деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы жана сот өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул адамга бөгөт коюу чараларынын бирин колдоно алат.

Бөгөт коюу чаралары катары эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкат колдонулушу мүмкүн; күрөө алуу; үй камагы; камака алуу ж.б. (КР Жазык-процесстик кодексинин 104-беренесинин 1-пункту). Кылмыш ишин тергөөдө жана соттук териштирүүдө бөгөт коюу чаралары айыпталуучунун талапка жооп бербеген жүрүм-турумун болтурбоо үчүн колдонулаары мыйзамдарда конкреттүү түрдө көрсөтүлгөн. Камакка алуу – бул өзгөчө бөгөт коюу чарасы, ал башка, жеӊилирээк бөгөт коюу чарасын колдонууга мүмкүн болбогон учурда колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында “ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу” деп белгиленген (32-берене). Өлкөнүн Баш мыйзамы жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин камсыздайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 1-пунктунда “жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет” деп түз жазылган. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат. (КР Конституциясынын 10-беренеси).

Учурда Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилген эмес, “Өзгөчө абал жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 14-пунктуна ылайык, антитеррордук операциянын шарттарында штабдын башчысы “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык ЖМКга маалымат берүү тартибин аныктай алат. Учурдагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен, Казакстандын улуттук коопсуздук органдарынын мурдагы жетекчиси, укук коргоо органдарында 20 жылдан ашык иштеген, алтургай өз убагында кошуна мамлекеттин атайын кызматтарын жетектеген Альнур Мусаевдин “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына 2022-жылдын 2-мартында жарыялаган пикири ЖМКнын аудиториясына кызыктуу болушу мүмкүн эле (кийин Kloop басылмасына берген маегинде Альнур Мусаев анын посту “Фейсбуктан” өчүрүлгөнүн айткан). Ал эми Мусаевдин пикири чындыкка дал келбей, төгүндөө зарылчылыгы жаралса, анда УКМК Кыргызстандагы көп сандаган мамлекеттик маалымат каражаттарын колдонуу менен бул маалыматты расмий түрдө төгүндөй алмак жана муну жасашы керек болчу.

Ал тургай, УКМКнын пресс-релизинде “Т.Дүйшөнбиев Кыргызстанга европалык мамлекеттердин санкциясы түрүндө мүмкүн болуучу экономикалык блокаданы киргизүү максатын көздөгөн” деп көрсөтүлгөнү күнөөсүздүк презумпциясынын юридикалык принцибин бузуу көз карашынан да сынга алынууда, себеби тергөө баскычында эле (мыйзамда белгиленген тартипте күнөөсү далилденбеген учурда жана соттун мыйзамдуу күчкө ээ өкүмү чыга электе) укук коргоо органдары Т.Дүйшенбиевге кандайдыр бир максатты көздөгөн деген айыпты коюп жатат.

Ошону менен бирге, буга кошумча тергөөнүн түшүндүрмөлөрү акылга сыярлык көз караштан алып караганда да олуттуу суроолорду жаратууда, себеби алардын түшүндүрмөлөрү бир нерсени ырасташы мүмкүн: бийликти бөлүштүрүүнүн жана каршы салмак системаларынын иштеп жаткан модели бар өлкөлөрдө саясий чечимдер ЖМКда бирин-серин учуроочу басылманын негизинде кабыл алынбай турганын тергөө билбейт дегенди тастыктап турат.

Сүрөттө: Таалай Дүйшөнбиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты