NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

— «NEXT TV» телеканалы социалдык тармактардагы ресурстарына таянып, Казакстандын атайын кызматынын мурдагы кызматкеринин Кыргыз Республикасы тарабынан Украинадагы атайын операция учурунда Орусияга аскер жардамын берүү келишимине жетишилгендиги тууралуу чындыкка жатпаган маалыматтарын тараткандыгы такталган, — деп айтылат маалыматта.  

Текшерүүнүн жүрүшүндө NEXT TV телеканалынын аракетинде улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар бар деп табылып, улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча 320-берене менен кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты