Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиев камакта калтырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык соту Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин ишин карап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшенбиевди 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты