“Султанбай Айжигитовду жана жубайын УКМК кызматкерлери сабаган эмес”. Жооп
- 2 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 1-майда, социалдык тармактарда жана ЖМКда БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Султанбай Айжигитовдун жана анын аялы Гүлжан Жолдошованын көгала болгон сүрөттөрү жарыяланган. Айжигитов аларды кармоо учурунда ушундай мамилеге кабылганын билдирген.
Андан көп өтпөй Фейсбук колдонуучу Өткүрбек Рахманов (Камчыбек Ташиевге жакын адам) Айжигитовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери сабаган эместигин жазды.
“Султанбай Айжигитовду да, анын жубайын да УКМК кызматкерлери сабаган эмес жана алар аны сабашы мүмкүн да эмес болчу. Бул тууралуу Айжигитов өзү да ачык эле интервьюларында айтып жатат. Колундагы көк ала кармоо учурунда ыкчам кызматкерлерге баш ийбей каршылык көрсөтүп, машинага олтурбай жулкулдашып атканда пайда болгонун айтты. Ал эми кашын кантип, кандай ыкма менен жарып, анан сүрөткө тартып чыгарганы бул видеодон көрүнүп турат… Бөгөт чарасы каралганы келген сот залында Айжигитов өзү негедир столду сүзүп көргөн жана андан соң аны ооруканага алып барышкан” деп билдирди Өткүрбек Рахманов.
Султанбай Айжигитовдун ооруканадагы сүрөттөрү 1-майда социалдык тармактарда Медербек Саидов аттуу Фейсбук колдонуучу тарабынан таратылды. Сүрөттөрдөн Айжигитовдун бети-башында тактарды, денесиндеги көгала болгондорду көрүүгө болот. Аны менен бирге эле жанында жубайы Гүлжан Жолдошованын көгала колдору да көрсөтүлдү.
Султанбай Айжигитов бир күн мурда, суракка бара жатканда адвокаттын үйүнүн жанында аны кармаганда, аялы экөө тең көгала болгонун «Азаттыкка» билдирди.
Буга чейин Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлжан Жолдошова сот тарабынан үй камагына алынган. Сот залынан Айжигитов өзүн начар сезип, ооруканага түшкөндүгү кабарланган.
Депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылган Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда.
Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) экөөнө кылмыш ишин козгогон.
28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.
1-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды. Эми бул маселени сот териштирет.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
Сүрөт: Медербек Саидов аттуу ФБ колдонуучунун баракчасынан