Президенттин басма сөз катчысы Суваналиевдин айткандары боюнча үн катты
- 16 часов мурун
- Жаңылыктар
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү кыргыз тилин билүү боюнча тесттен өткөрүп коюу тапшырмасын бербегенин айтты.
Ошондой эле шайлоо өнөктүгү башталганына байланыштуу ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер, ушак-айыңдар дагы көп болору кадимки көрүнүш экенин билдирди.
Саясатчы Өмүрбек Суваналиев президент Садыр Жапаров менен жолугушканын билдирген. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу да сөз болгон. Бул тууралуу ал журналист Майраш Базлакунованын ютуб каналына курган маегинде билдирди.
Суваналиев «эки дос» институтун сындап, Жапаров Ташиев тууралуу эмне деп айтканын жана өзү кандай жыйынтыкка келгенин ачыктады.
Сүрөттө: Аскат Алакөзов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




