Ички иштер министри Ниязбеков: “Жапыкеевдин кармалышынын саясий өңүтү жок”

Бүгүн социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап, алардын аракеттери саясий буйруктун негизинде болгонун билдирген. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жапыкеевдин кармалышынын саясий өңүтү жок экенин айтты.

«Бул окуянын саясий өңүтү жок. Жаран Жапыкеев бүгүн “Кыргызтесттен” өтүүнү каалаган күндө да, мас абалында тест тапшырууга мүмкүн эмес. Бардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан бул маалыматты туура кабыл алып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранам» деди ИИМ башчысы.

-19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен бирге спирт ичимдиктерин ичип жатканын аныкташкан. Ал саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ызы-чуу чыгарган. Ушуга байланыштуу жаран Жапыкеев Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Сыймык Жапыкеев социалдык тармактарда билдиргендей, бүгүн “Кыргыз тестке” тест тапшырмак болгонун, бирок белгисиз себептер менен аны милиция кармап кеткенин айтты.Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жапыкеевдин кошуналары милицияга билдирип, түнкү тынчтыкты бузганы үчүн кармалганын маалымдады.

Сыймык Жапыкеев келерки президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниети бар экенин билдирген. «Кыргызтестке» кыргыз тилинен тест тапшырып, тиешелүү балл ала албай калган. Жапыкеев экинчи ирет тест тапшырууга белсенген.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөттө: министр Улан Ниязбеков. ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты