Султанбай Айжигитов ооруканада дарыланууда
- 1 год мурун
Султанбай Айжигитовдун ооруканадагы сүрөттөрү 1-майда социалдык тармактарда Медербек Саидов аттуу Фейсбук колдонуучу тарабынан таратылды. Сүрөттөрдөн Айжигитовдун бети-башында тактарды, денесиндеги көгала болгондорду көрүүгө болот. Аны менен бирге эле жанында жубайы Гүлжан Жолдошованын көгала колдору да көрсөтүлдү.
«Адам укуктары сакталышы керек! Саясий кысымга жол берилбесин!» деп жазылган анда.
Султанбай Айжигитов бир күн мурда, суракка бара жатканда адвокаттын үйүнүн жанында аларды кармоо учурунда аялы экөө тең көкала болгонун «Азаттыкка» билдирди.
Буга чейин Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлжан Жолдошова сот тарабынан үй камагына алынган. Сот залынан Айжигитов өзүн начар сезип, ооруканага түшкөндүгү кабарланган.
Депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылган Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда.
Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) экөөнө кылмыш ишин козгогон.
28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.
1-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды. Эми бул маселени сот териштирет.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Сүрөттөр: Социалдык тармактан




