БШК Султанбай Айжигитовду депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 28-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК)  Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.

Жыйынга журналисттерди киргизишкен эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Султанбай Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучу балага кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган деп, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген.

Депутат Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, эч нерсени жашырбаганын билдирди.

-Соттуулук жок. Жөн гана башкы прокуратура менен УКМК манипуляция кылып, коомчулукту жана БШКны адаштырып жатат. Муну кылмыш десе болот… Мен муну башкы прокуратура менен УКМКнын БШКга басымы деп эсептейм,- деди Султанбай Айжигитов.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШКга басым жасалган жоктугун айтты.

БШК талкуудан кийин Султанбай Айжигитовду депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алды. БШКнын11 мүчөсү макул деп добуш берди, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы болду.

19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу тууралуу маалымат берип жатып, депутат Султанбай Айжигитовдун мандатын алып койсо, таң калбаңыздар деген:

«Сиз 2017-жылы жаш баланы уруп коюп, туугандарыңыз сотто иштейт экен «бейбаштык» беренесин башка беренеге которуп отуруп, мөөнөтү өттү деп сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Бирок ошол кылмыш жоопкерчилигине тартылган маалым катыңызды сиз БШКга бербепсиз. Эртең Султанбай Айжигитовдун мандатын алып койсо таң калбаңыздар. Мен БШКга өтүнмө жөнөттүм. Аларда андай маалым кат жок экен» деген Ташиев.

Ал учурда Султанбай Айжигитов Ташиевдин айткан сөздөрүн четке какты.

«Баланы сабап койгонум чын болсо, кана ошол видео далилдер? Аны көгөртүп, муунтуп, тепкилеп салгандай айтып жатасыңар. Ошол экспертизанын далилдери каякта? Бул жөн эле сөздөр. Мугалимдердин айтышы боюнча да “өзүбүз көргөн жокпуз, ушинтип айтышты”. 6-5-класс балдардын да көрсөтмөлөрү туура эмес» деди Айжигитов.

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Ошол жыйындан кийин «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутат Султанбай Айжигитовдун айткандарын 6-мартта комментарийледи. 

-Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып, башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти, изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм. Мисалы, кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип, губернатор болуп да иштеген,-деди президент.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жүнөндө келишимди ретификациялоо мыйзамы 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров  “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга 25-мартта кол кол койду.

Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты