Сыймык Жапыкеевдин сын пикирине президенттин маалымат катчысы жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин сын-пикирине жооп берди.

Ал «ПолитКлиника» медиасына берген комментарийинде ар кандай сындардын айтылышы кадимки көрүнүш экенин билдирди.

«Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, көз карашын билдирүүгө толук укуктуу.
Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет.

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бийликти сындаганга эч ким тыюу салган жок дегеним да ушундан.

Болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбейт. Сын айтуу, башкача ой жүгүртүү, бийликтин позициясына макул болбоо кылмыш эмес. Бул демократиялык коом үчүн кадимки көрүнүш»,- деди ал.

Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязга берген маегинде өлкөдө кымбатчылык болуп жатканын айтты.

“90% эл “банк” деп сыздап калыптыр. Баары тең карыз. “Кымбатчылык” деп жүрүшөт. Бензин, тамак аш кымбат. Кыргыздар көчмөн эл болгондон кийин Көчмөндөр оюндарына барышат. ШКУнун жыйынын буга чейин деле өткөрүп жүргөнбүз. Эмне чечилди? Маселе — чечилгенде да. Ютага же каякка барат бир нерсе чечип келиш керек да. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга барса 19 млрд доллар, Америкага барса 100 млрд долларга келишим түзүп келишет. Казактардыкы Европа же Кореяга барабы, бир нерсе чечип келишет. Биздики эмне чечип келип атат?” деди Жапыкеев.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты