УКМК: Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда

  • 2 месяца мурун

Депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылган Султанбай Айжигитов жана анын жубайы  Гүлзат Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда. Сотто алардын бөгөт чарасы бүгүн каралат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңештин аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин 2022-жылдын башында жубайы Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурганы аныкталган. Ал эми колдонуудагы мыйзамдар жубайлардын мамлекеттик кызматта болуусуна тыюу салат.

Анын жубайы Жолдошова кызматтык милдеттерин аткарбай, жумушка келбей, ошол эле учурда ал  өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып тургандыгы айтылат. Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлык, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алгандыгы айтылат.

Ошондой эле Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда эки жолу тең аялын мыйзамсыз ишке орноштургандыгы айтылды. Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу «Төрт-Гүл» мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөндүгү да маалыматта кошумчаланды.

Тергөөнүн жыйынтыгында 30-апрелде Султанбай .Айжигитов жана анын жубайы Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгыбоюнча айып тагылууда.  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө баш коргоо чарасы тандалат.

29-апрелде Султанбай Айжигитовго күбө катары суракка чакыруу келген. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук социалдык тармакка видео тасма жарыялады.

Андагы видео тасмада Султанбай Айжигитовдун үйүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын кызматкери Айжигитовдун жубайы Жолдошеваны депутаттын жардамчысы катары мыйзамсыз кызматка алуу, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү боюнча ачылган кылмыш ишинде күбө катары чакыруу кагазын бере турганын билдирди.

1-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды. Эми бул маселени сот териштирет.

28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК)  Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучуга кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген.

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты