Айжигитов менен жубайы үй камагына алынды. Айжигитов ооруканага түштү

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 30-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды үй камагына алуу чечими чыгарылды.

Сот залында Айжигитов өзүн жаман сезип, ооруканага түштү. Бул тууралуу анын адвокаты Тимур Иманкулов ЖМКга билдирди.     

Депутаттык мандатынан БШК тарабынан ажыратылган Султанбай Айжигитов жана анын жубайы  Гүлзат Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңештин аппаратына Султанбай Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин, 2022-жылдын башында жубайы Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурганы аныкталган. Ал эми колдонуудагы мыйзамдар жубайлардын мамлекеттик кызматта болуусуна тыюу салат.

Анын жубайы Жолдошова кызматтык милдеттерин аткарбай, жумушка келбей, ошол эле учурда ал  өлкөнүн бюджетинен айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып тургандыгы айтылат. Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлык, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө республикалык бюджеттен 3,2 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алгандыгы УКМК маалыматында айтылат.

Ал эми Айжигитовдун маалыматы боюнча, «Ыйман нуру» фракциясынын азыркы лидери Динара Ашимова депутаттан өзүнүн уулун жардамчы кылып алууну суранган. Ал эми анын ордуна Султанбай Айжигитовдун жубайы Гүлзат Жолдошованы Динара Ашимов өзүнө жардамчы катары кызматка алган.

УКМК ошондой эле Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда эки жолу тең аялын мыйзамсыз ишке орноштургандыгын айтты. Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу «Төрт-Гүл» мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөндүгү да маалыматта кошумчаланды.

Тергөөнүн жыйынтыгында 30-апрелде Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Жолдошова кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгыбоюнча айып тагылууда.  

29-апрелде Султанбай Айжигитовго күбө катары суракка чакыруу келген. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук социалдык тармакка видео тасма жарыялады.

1-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды. Эми бул маселени сот териштирет.

28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК)  Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучуга кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген.

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты