Депутат Айжигитов: Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керек
- 1 год мурун
Бүгүн, 5-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын билдирип, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
Айжигитов келишим долбоору боюнча тажиктер кандай стратегиялык максаттар болсо, ошондой максаттарга жете турганын айтууда.
-СССРден баштап эле тажиктердин стратегиялык максаттары Ворух анклавына коридор алуу эң биринчи максаты болчу. Ворух анклавын кошуп алуу. Ошол максат боюнча коридорду ала турган болуптур. Азырынча транспорттук коридор алыптыр. Толук кандуу Ворухту алышына бир эле кадам калыптыр. Канча жылдан бери коридорго эки эле тоскоолдук болчу. Биринчи тоскоолдук- Достук айылы, ошол жолдорду тосуп турган, экинчи тоскоолдук- Ходжа-Алла, Аксай, Ворух жол участогу бизге караштуу болуп, ошол тоскоолдук. Достук айылын тажиктер бекеринен бергиле деп талап коюшкан эмес. Биз үчүн Достук айылы стратегилык мааниси ошол коридорго жол бербей турганы. Чек араны ошол жерде жашап тургандар коргоп турган.
Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керек,- деди депутат Султанбай Айжигитов.
27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча бир нече документ кабыл алынды.




