Бишкек соту Айжигитовдун мандатын алуу боюнча БШК чечимине каршы арызын кабыл алды  

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды.

Бул тууралуу Султанбай Айжигитов «ПолитКлиникага» билдирди.   

Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК)  Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Султанбай Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучу балага кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган деп, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген.

Депутат Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, эч нерсени жашырбаганын билдирди.

-Соттуулук жок. Жөн гана башкы прокуратура менен УКМК манипуляция кылып, коомчулукту жана БШКны адаштырып жатат. Муну кылмыш десе болот… Мен муну башкы прокуратура менен УКМКнын БШКга басымы деп эсептейм,- деди Султанбай Айжигитов.

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Ошол жыйындан кийин «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.

Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты