Нурсултан Назарбаевдин Казакстанда экени маалымдалды

  • 3 года мурун

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында. Бул тууралуу Назарбаевдин басма көз катчысы Айдос Үкибай «Твиттердеги» баракчасына жазды.   

“Элбашы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Жалган жана башка максаттарды көздөгөн маалыматты таратпоону өтүнөбүз. Элбашы бир катар консультативдик жолугушууларды өткөрүүдө жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп турат” деди ал.    

Ошондой эле басма сөз катчы Назарбаевдин Казакстанга дос мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен бир канча жолу телефондон сүйлөшкөндүгүн кошумчалады.

“Элбашы өлкөдөгү кыйынчылыктарды жеңип чыгуу үчүн жана бүтүндүктү сактап калуу үчүн бардыгын Казакстандын Президентинин айланасына топтолууга чакырат” деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин айрым ЖМК Нурсултан Назарбаев Казакстандан чыгып кеткенин билдирген.

Нурсултан Назарбаев 5-январда Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин башкара турганын жана болушунча катуу аракет кыларын телевидение аркылуу элге кайрылуусунда билдирген.

Токаев демонстранттарды “заговорчулар”, ”бейбаш элементтер” , «террорчулар» деп атаган.

6-январда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өзгөчө абал жарыяланды. 5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

Алматыда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду.

Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты