Нур-Султан шаарында өзгөчө абал жарыяланды

  • 2 года мурун

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өзгөчө абал жарыяланды.

Бул тууралуу жарлыкка өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун akorda.kz сайты кабарлады.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 200дөн ашык адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды.

Сүрөт: Nur.kaz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты