Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди

  • 2 года мурун

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКлары билдирүүдө.

Буга чейин өзгөчө абал Мангыстау, Алматы облустарында, Алматы, Нурсултан шаарларында киргизилген.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты