Алматыда акимиаттын имараты күйдү

  • 2 года мурун

Алматы шаарында шаардык акимиаттын имараты күйдү.

Бул тууралуу Nur.kaz сайты жазды.

Спутник Казакстандын маалыматы боюнча, үч миңдей адам шаардык администрацияга чабуул койду.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Сүрөт: Nur.kz видеосунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты