Мурдагы президент Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева суракка чакырылды

  • 4 недели мурун

Мурагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Ички иштер министрлигине суракка чакырылды.

Бул тууралуу алардын кызы Алия Шагиева Инстаграмм баракчасында билдирди.

Сурак 17-апрелде саат 17ге белгиленген. Суракка кайсы маселе боюнча чакырылганы азырынча белгисиз экенин айтты.

Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Атамбаев бийликти басып алууга шектелип, тергөө абагында жатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.

Алардын арасынан Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Шайлообек Атазов, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган.

2023-жылы 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Анда Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген. Учурда Атамбаев Испанияда дарыланууда.

Сүрөттө: Раиса Атамбаева. Интернет булактарынан

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты