Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

  • 1 год мурун
Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.

Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды. 

Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу социалдык тармакка Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин сүрөтү жарыяланды.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты