Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды

  • 1 год мурун

Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу соттун чечими социалдык тармактарга жарыяланды.

Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды

Маалыматка ылайык, сот Алмазбек Атамбаевдин өтүчүн канааттандырды. Иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты