Алмазбек Атамбаев Испаниянын өкмөт башчысы менен жолугушту

  • 5 месяцев мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес менен жолукту. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак, былтыр 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыккан. Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты