Кубанычбек Кадыров үй камагына чыгарылды

  • 3 недели мурун

Абакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу социалдык тармакта 24-январда маалымат тарап, аны адвокат Асел Аргымбаева “Азаттыкка” тастыктады.   

Адвокаттын бөгөт чарасын өзгөртүү арызынан кийин, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту канааттандырган.  

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу, бардыгы 10 адам кармалгандыгын кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандардын арасындагы сүрөттөрдөн жана видеодон Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам экенин көрүүгө болот.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып, 17-январга чейин камакка алынган.

Сүрөттө: Кубанычбек Кадыров. shailoo.gov.kg

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты