ИИМ: Адахан Мадумаровго кол салынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровго кол салуу болгондугу тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматка байланыштуу Ички иштер министрлиги(ИИМ) бул билдирүү текшерилип, чындыкка дал келбестигин маалымдады.
ИИМ жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат. Текшерилген, расмий булактардан алынган маалыматтарды гана негиз кылууну өтүнөт.
Буга чейин социалдык тармактарда Адахан Мадумаровго кол салынганы боюнча маалыматтар тараган.
20-октябрда Жогорку сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго чыккан мурдагы сот чечимдерин өзгөртүүсүз калтырды.
Адахан Мадумаров сот отурумунан кийин журналисттерге комментарий берип, соттон акталса президенттик шайлоого катышмактыгын айтты. Бирок өзү барбаса да талапкер көрсөтүшү мүмкүндүгүн да четке каккан жок.
2024-жылы 10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутат Адахан Мадумаровго Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган.
2024-жылы 8-майда Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген.
2024-жылы 26-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров камакта жети айча отуруп, бошотулган.
2024-жылы 26-мартта Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.
Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган. 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеге байланыштуу протоколго кол коюлушу менен байланышкан айып тагылган.
Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.
Сүрөттө: Адахан Мадумаров. Интернет булактарынан




