Журналист Эрнис Кыязов милицияга суракка чакырылды
- 7 часов мурун
- Жаңылыктар
Журналист Эрнис Кыязов Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында билдирди.
Милициянын 10-бөлүмүнөн телефон чалган кызматкер анын милицияга жөн гана келип кетүүсүн суранып, чакырган жазды:
«Байке, сизди билебиз. Подкаст алып барып жүрөсүз. Эч тынчсызданбаңыз, сизден тактап сурачу маалыматтар бар эле» дегенин жазды Эрнис Кыяз.
Эрнис Кыязов жеке Ютуб каналында коомдук-саясий темадагы ар кыл подкасттарды алып барат. Жакында анын Сыймык Жапыкеевден алган подкасты коомчулукка кеңири тарады. Ага чейин Адахан Мадумаровдон жана башкалардан алган маектери Ютуб каналында жарыяланып, коомчулуктун көңүлүн бурду.
Сүрөттө: Эрнис Кыязов. Видеодон скриншот
Муну бөлүшүү




