Мыйзамсыз каржы операцияларын жүргүзүү үчүн уюлдук телефон пайдалануу схемасы аныкталды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан чет өлкөлүк жарандардын тобу Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана интернет тармагын колдонуу менен алдамчылык аракеттерине шектелип кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында чет мамлекеттин төрт жараны аныкталган. Алар — 2004-жылы туулган А.К. жана Л.Н., 2003-жылы туулган Ж.С. жана 2010-жылы туулган А.З.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 2-бөлүгүндө (кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Баштапкы маалыматтар боюнча, шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, онлайн-платформалардын бирин колдонуу менен Кыргызстандын аймагында коңшу мамлекеттин жарандарына багытталган төлөмдөрдү мыйзамсыз иштетүү схемасын уюштурушкан.

2026-жылдын сентябрь айынын аягында аталган топтун мүчөлөрү Кыргызстанга келип, уюлдук телефондорду массалык түрдө сатып алышкан. Сатып алынган уюлдук телефондорго чет өлкөлүк банктардын биринин мобилдик тиркемелери орнотулуп, алар банк карталарын туташтыруу жана каржы операцияларын жүргүзүү үчүн техникалык терминал катары колдонулган.

Маалыматтарга караганда, топтун ишмердүүлүгү мыйзамсыз онлайн кумар оюндарын (тактап айтканда, Gambling-трафик) уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан төлөм трафигин иштетүүдөн турган. Уюлдук телефондор жана банктык тиркемелер аркылуу интернет-казинонун катышуучуларынан акча каражаттары кабыл алынып, ошондой эле утуштар төлөнүп турган. Натыйжада шектүүлөр мыйзамсыз төлөм каналын камсыздап келишкен.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн убактылуу жашаган жери аныкталган. Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде тинтүү жүргүзүлүп, 22 уюлдук телефон жана үч компьютер табылган.

Шектүүлөр кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Кийинчерээк шектүүлөрдүн бири-А.К. кылмыш куугунтугун токтотууга жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөктөшүү үчүн милиция кызматкерлерине мыйзамсыз акчалай сый акы сунуштаган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (пара берүү) каралган кылмыштын белгилери менен өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери уланууда.

Сүрөт коллажы: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты