ИИМ массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген топ кармалганын билдирди  

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.

“Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Анын курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, алар провокация жана күч кагылышуулары үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спортткк бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышкан” деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалыматта тинтүү учурунда курал-жарактар, ок-дарылар, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 000 АКШ доллары, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш-аракеттер пландары жана баңги каражаттар алынгандыгы айтылат.

Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана С.Т. кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

Буга чейин Адахан Мадумаровдун үйү тинтүүгө алынып, сурак берип чыккан, Сыймык Жапыкеев да суракка алынган. Журналист Дмитрий Ложниковдун мурдагы аялы жана балдары жашаган үй тинтүүгө алынган.

Темирлан Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов 48 саатка камакка алынган.

Ошондой эле кармалгандардын арасындагы сүрөттөрдөн жана видеодон Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам экенин көрүүгө болот.

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты