Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 25-январда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында анын жакындары кабарлады.
Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров да үй камагына чыгарылган.
Адвокаттын бөгөт чарасын өзгөртүү арызынан кийин, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту канааттандырган.
Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу, бардыгы 10 адам кармалгандыгын кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалгандардын арасындагы сүрөттөрдөн жана видеодон Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам экенин көрүүгө болот.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып, 17-январга чейин камакка алынган.
Сүрөттө: Шайлообек Атазов




