“Клооп” басылмасынын мурдагы фрилансери кармалганы айтылды

  • 6 месяцев мурун

“Клооп” басылмасынын мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалды. Бул тууралуу “Клооп” редакциясы Телеграм-каналында билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19 жаштагы Кутман Каленов “Клооп” редакциясында практикадан өтүп, басылма менен эркин кызматташтыкта иштеген болчу. Ал жекече иштери менен бир нече күнгө өлкөдөн чыгаарда, “Манас” эл аралык аэропортунан чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган.

Чек арачылар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенинин (УКМК) кызматкерлерин чакырган.   

 Сот “Клооп” басылмасынын бир нече кызматкеринин банк эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон.

“Бери дегенде “Клооп” басылмасынын төрт кызматкеринин банк эсеби бөгөттөлдү. Бөгөттөө тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту июль айынын башында кабыл алган. Бөгөттөлгөндүгү тууралуу маалымат банктан алынган, ал эми соттун токтому азырынча бериле элек. Биздин оюбуз боюнча, банк эсебинин бөгөттөлүшү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Клооптун” мурдагы жана азыркы кызматкерлерине козголгон массалык башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн” деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Клооптун” оператору Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовду  эки айга камоо чечимин чыгарган.

29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок экени айтылган. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкени маалым болгон.  

«Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин Абдил Төрөбаев журналисттик кызматка тиешеси жок экенин, текст да жазбаганын, видео тасма да тартпаганын билдирди.

«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.

28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, мурдагы «Клооп Медиа» коомдук фондунун жетекчилери өлкөдөн сырткары жүргөндө ар кандай артыкчылыктар жана каржылык сый акылардын эсебинен жаш журналисттерди тартууну уюштурушкан» деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: «Клооп»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты