Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалды
- 12 часов мурун
- Видео, Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А.О., айыл аймактарынын биринин мурдагы башчысы А.А.Ж. жана Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А.Ы. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Бул факты президент Жапаровдун Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушууларынын жүрүшүндө айтылган жана УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталды.
Аталган адамдар алдын ала макулдашып алып, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү үчүн аймакты мыйзамсыз кеңейтүү менен башкы планды бекиткени аныкталган.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого жана мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды табууга багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.


Сүрөт: УКМК




