Талас облусунда баңгизат сатууга шектүү кармалды  

Талас облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Баңгизат каражаттарынын ири партиясын кезектеги жолу сатууга аракет кылып жаткан учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири, Б.Б.Р. кармалды.

Жашаган жана иштеген жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө чийки заттын кошумча запастары, ошондой эле баңгизат каражаттарын даярдоочу тиешелүү каражаттар табылган.

Кармалган жаран Талас шаардык ички иштер бөлүмүннүн (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты