Ишкерлерден 100 миң АКШ долларын опузалоого шектүү экөө кармалды
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Чүй облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерден 100 миң АКШ долларын опузалоого шектүү эки жаран кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө багбанчылык шериктештигинин төрагасы өзүнүн шериги менен бирге кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча мыйзамдуу ишкердик жүргүзүп келген, бирок аны коркутуп, 100 миң доллар талап кылып келишкени аныкталганы айтылат.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 17-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылынган акчанын 30 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен 1989-жылы туулган Ж.У.К. жана анын шериги 1969-жылы туулган К.Т.М. кармалды.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




