Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында, ошондой эле андан ары коңшу мамлекеттерге ташып өткөрүү менен баңгизаттарды жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Х.М. аттуу жаран кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө өсүмдүк тектүү, жалпы салмагы 7,2 кг болгон баңгизат алынды. Ошондой эле кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан сырттан келген адамдарды кылмыштуу чөйрөгө тартуу жана аларды баңгизат ташуучу курьер катары пайдалануу максатында даярдалган, жалпы салмагы 25,8 кг болгон баңгизаттардын муляждары табылды.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын начар кайтарылган тилкеси аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүү боюнча мыйзамсыз канал аныкталды.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты