Эки өспүрүмдү жарадар кылууга шектүү кармалды
- 10 часов мурун
- Жаңылыктар
Эки өспүрүмдү пневматикалык курал менен жарадар кылууга шектүү кармалды, Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
17-ноябрда Чүй райондук ооруканасынан милицияга эки жаш өспүрүмдүн пневматикалык мылтыктан атылган октон жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Маалыматта айтылгандай, 2013-жылы туулган Т.Р. жана 2015-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдөр жаракат алышкан.
Аталган факт Чүй райондук ИИБде катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Ал 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Башапкы маалымат боюнча, аталган жаран 2026-жылдын 17-ноябрында саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, жолдон өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган.
Шектүү Чүй РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: Чүй ОИИБ




