Казакстанда тополоңдон кийин кармалгандардын саны беш миңден ашты   

  • 2 года мурун

Казакстандагы баш-аламандыктан кийин кармалган кишилердин саны 5 135 кишиге жеткенин Казакстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев журналисттерге брифинг учурунда 9-январда  билдирди.  

Анын айтымында, баш-аламандыктан кийин 125 кылмыш иши козголду. 134 киши убактылуу камак жайына камалды. 516 кишиге административдик камак жазасы колдонулду. Калгандарынын иши териштирилүүдө.  

Тополоң учурунда полиция кызматкерлерин жана курсанттарды сабап, формасын тартып алышкан, аткылашкан. Укук коргоо кызматкерлерин эле эмес, катардагы жарандарга да ок чыгарышкан. 400 автомашина жок кылынган, анын 346сы полицияга таандык болгон.

Алматы аэропортун басып алууга 800 киши катышкан. Мародерлор 100 соода жайын жана банктарды талап-тоношкон.  

Башаламандыктын айынан келтирилген чыгымдын баасы болжол менен 92,3 миллиард теңгеге бааланууда.   

Ерлан Тургумбаевдин айтымында,  чек арадан өтүү учурунда 300 киши кармалды.

Кармалгандардан курал-жарак, уурдалган материалдык баалуулуктар, анын ичинде мобилдик телефон, акча каражаттары алынган.  

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда, андан кийин Алматы облусунда  өзгөчө абал жарыяланды.

5-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды.

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин башкара турган болду.  

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) экс-төрагасы Карим Масимов мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды.

Казакстан ИИМинин 6-январдагы маалыматы боюнча, күч структураларынын арасынан 18 адам каза таап, 748 аскер жабыркаган.

Казакстан саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, митингдерде миңден ашык киши жабыркаган.

10-январь — Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Сүрөт: АР-ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты