Имамидин Ташовдун иши боюнча сот отуруму 14-январга жылдырылды
- 3 месяца мурун
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда отурум 2025-жылдын 14-январына жылдырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.
— Биз сотко кылмыш ишин кайрадан тааныштыруу боюнча өтүнүч келтирдик, акыйкаттык жана ар тараптуулук максатында соттогу иш менен кайра башынан тааныштырсын деп өтүнүч келтирдик. Мындан тышкары мен мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк жарыяладым. Себеби мамлекеттик айыптоочу башынан баштап эле бизди кемсинтип, ыйгарым укуктарынан аша чаап, сот отурумдары эч кандай негиздемеси жок эле өтүп, биздин өтүнүчтөрүбүзгө «каршымын жана канаттандыруусуз калтырылсын» деген сөздөрдөн башка эч нерсе айтпай келет. Кылмыш иши Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан демилгеленип, бирок кылмыш ишине райондук прокурорлор да катышып жаткандан кийин, кызыкчылыктардын кагылышы болуп калат. Анткени райондук прокурордун жардамчысы кантип эле өзүнүн жетекчиси бекиткен айыптоо актысына каршы чыксын? Ошондуктан биз мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк болуу максатында мамлекеттик айыптоону колдоосун сурансак, тилекке каршы судья Бекмуратов биздин укугубузду четке кагып, канаттандыруусуз калтырып койду, — деди адвокат Нурсултан Жаныбеков.
Имамидин Ташовдун мурдагы адвокаты Самат Матцаков өзү камакта болуп, эми башка адвокат анын кызыкчылыгын жактоодо. 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.
Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.
Имамидин Ташовдун соту 17-декабрда болмок. Бирок ал өзүнө өзү кол салып, ооруканага түшкөндүгү маалым болгон. Имамидин Ташовдун тергөө абагында өзүнө дагы кол салгандан кийин, Мамбет Мамакеев атындагы хирургия борборуна алып барып, жаракат алган ичин тигип, кайра Бишкектеги №1 тергөө абак жайына алып кетишти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.
6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.
Сүрөт: «ПолитКлиника» / Жылдыз Джускембаева. Сот залында. 24-декабрь 2024-жыл.