Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды, ал сотто өзүнө кол салды (видео)

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узартты. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматта айтылгандай, ал соттук отурумдун аягында белгисиз нерсе менен мойнун бир нече жолу тилип жиберип, эс-учун жоготкон. Конвойлор аны кармап калышкан.

«Имамидин Ташовдун камактагы адвокаты Самат Матцаков судьяга арыз жазып, сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранган. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, судья анын арызын окуп берген»-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Адвокат Нурсултан Жаныбеков да кесиптеши Матцаковду соттук процесске катыштыруу үчүн судьяга өтүнүч менен кайрылган. Судья адвокаттын өтүнүчүн канаттандырган эмес.

Эске салсак, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Видео: Апрель ТВ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты