Тергөө абагындагы Имамидин Ташов өзүнө дагы кол салды

  • 1 месяц мурун

Тергөө абагында жаткан KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун өзүнө экинчи ирет кол салганы айтылды. Аны 4-шаардык ооруканага алып кетишти. Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков буларды айтты:

— Мен дагы СИЗОнун кызматкерлеринен уктум, ичин кескен дегенин. Өзү менен баарлаша алган жокмун. Угаар замат өзү менен сүйлөшөйүн десем, “Тез жардам” менен алып чыгып жатышыптыр. Учурушып, ахвалын сураганда, жооп бере алган жок. Болгону “Тез жардам” машинасы менен СИЗОдон алып чыгып, ооруканага алып кетишти, ичин тиктиргени. Башка кошумча маалыматым жок. Мен дагы толугураак маалымат алыш үчүн апасына, бир туугандарына айттым, алар ооруканага бара жатыптыр, жанында болушуңуздар керек деп. Коопсуздугун карап коюшуңуздар керек деп, -деп билдирди адвокаты.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Имамидин Ташовду Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып кетишкен.

Имамидин Ташов он бир күндөн бери ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын апасы Сайыпжамал Абдукайымова басма сөз жыйынында билдирди.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.

«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.

Сүрөт: Интернет булактарынан

          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты