Жактоочу Самат Матцаковдун кармалганы айтылууда

  • 1 год мурун

Жактоочу Самат Матцаковдун кармалганын анын кесиптеши Махабат Мелисовна Фейсбук баракчасында билдирди. Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Матцаковдун үйүн тинтүүгө алганын жазды.

Учурда ал эмне себептен кармалганы белгисиз. Бул тууралуу расмий органдар маалымат бере элек.

Самат Матцаков — ишкер Имамидин Ташовдун, жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин жактоочусу.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты