Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экендиги айтылды
- 2 месяца мурун
6-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өзүнө кол салып, мойнун тилген ишкер Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экендиги айтылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Текшерүүдөн кийин дарыгерлер жараат үстүртөн экенин, кан тамырлар жабыркабаганын жана олуттуу кан жоготуусуз экенин аныкташкан. Оорулууга керектүү жардам көрсөтүлдү, анын ичинде жараатты алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү. Канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.
Сүрөт: интернет булактары