Бишкекте мыйзамсыз 77 объект демонтаждалды

19-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада муниципалдык жердин 7 664 чарчы метри бошотулду.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрисы билдирди.  

Демонтаждоо иштери мажбурлоо тартибинде да, ыктыярдуу негизде да жүргүзүлдү. Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бир катар объект ээлери мыйзамсыз жайгаштырылган курулуштарды өз алдынча демонтаждашты.

Мындан тышкары көрсөтүлгөн мезгилде жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана бөлүнүп берилген же бекитилген жер тилкесинин аянтын мыйзамсыз кеңейтүү фактылары боюнча жалпы суммасы 1 миллион 992 миң сомду түзгөн 52 протокол түзүлдү.

Борбор шаардын мэриясы шаар тургундарын жана ишкерлерди жер мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат.

Сүрөт: Бишкек мэриясы


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты