Жактоочу Самат Матцаков эмнеге кармалганы боюнча комментарий берди

  • 2 недели мурун

Ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков журналисттерге аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери эмне үчүн кармап кеткенин айтты.

Матцаковдун айтымында, ал алдамчылыкка шектелип кармалууда. Бирок УКМКнын кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, тергөөчү Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алган.

«Мен кармалганымды өзүмдүн адвокаттык ишим менен байланыштырам. Мен мындай болорун билгем, анткени өткөн аптада мага чет жакка чыгууга тыюу салган күзөт картасы берилген. Ошондо да мени чакырышкан. Ал эми айыптоолор боюнча менде бардык жарандык келишимдер бар»,- деген ал.

Эске салсак, бүгүн 29-ноябрда жактоочу Самат Матцаковдун үйүндө УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, андан кийин аны кармап кетишкени белгилүү болду. Бул тууралуу УКМК расмий маалымат бере элек.

Самат Матцаков — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты