Бишкек шаарына жылуулук берилди
- 1 день мурун
- Жаңылыктар
«Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасынын абоненттеринин 91 пайызы жылытууга кошулду. Калган абоненттерди жылытуу системасына кошуу иштери уланууда.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
«Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Эгерде батирде же үйдө жылуулук жок болсо, жабдуулар иштебей калса же жылуулук менен камсыздоого байланыштуу башка көйгөйлөр жаралса, тургундар ишкананын күнү-түнү иштеген диспетчердик кызматына төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат: 0701 77-71-10; 0312 21-29-06.
28-октябрда Бишкек шаарында жылуулук бериле баштаары кабарланган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




