1-ноябрдан тартып Бишкекте жер казуу иштерине ордер берүү убактылуу токтотулат
- 2 часа мурун
- Жаңылыктар
1-ноябрдан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин Бишкек шаарындагы асфальт-бетон төшөлгөн муниципалдык автомобиль жолдорунда жер казуу иштерин жүргүзүүгө ордер берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалытта айтылгандай, бул чара күз-кыш мезгилинде жол катмарын сактоо максатында кабыл алынган.
Чектөө муниципалдык ишканалар тарабынан жана алардын буюртмасы боюнча подряддык уюмдар аткарган иштерге, инженердик тармактардагы жана социалдык инфраструктура объектилериндеги авариялык-калыбына келтирүү иштерине жайылтылбайт.
Ошол эле учурда жаңы ордерлерди берүүнүн убактылуу токтотулушу мурда берилген уруксаттар боюнча милдеттенмелерден бошотпойт. Мурда берилген ордерлердин негизинде башталган иштер, ошондой эле жер казуу иштеринен кийин асфальт-бетон жол жабындысын калыбына келтирүү белгиленген мөөнөттөрдө толук аякташы керек.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




