Бишкектен V элдик курултайга 72 делегат шайланды
- 1 час мурун
24-октябрда «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жыйынга райондук жыйындарда шайланган 500 өкүлдүн 459у катышты. Жыйынды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев ачты.
Иш-чарага ошондой эле төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков жана Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышты.
V Элдик курултайына борбор калаадан катыша турган 72 делегат шайланды.
Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында өтөт.
Сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




