Усубалиев атындагы аянтта “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө
- 2 часа мурун
- Жаңылыктар
“АгроТехЭкспо-2026” жана “Алтын күз” көргөзмө-жарманкеси 25-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлүүдө.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Көргөзмө-жарманкенин ачылышы 23-октябрда өттү.
«Көргөзмө-жарманкеде арзандатылган социалдык баада сатылуучу азык-түлүк жарманкеси жана асыл тукум мал жана балык чарбасынын, айыл чарба техникасынын коргөзмөсү менен катар инновациялык технологиялар жана санарип чечимдер көрсөтүлүүдө. Өлкөнүн айыл чарбасынын бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрү, заманбап технологиялары жана ата мекендик өндүрүштүн жетишкендиктери менен жакындан таанышууга болот» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




