Өзүнө өзү кол салган Имамидин Ташовду ооруканадан кайра абак жайына алып кетишти
- 3 месяца мурун
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун тергөө абагында өзүнө дагы кол салгандан кийин, Мамбет Мамакеев атындагы хирургия борборуна алып барып, жаракат алган ичин тигип, кайра Бишкектеги №1 тергөө абак жайына алып кетишти.
Имамидин Ташовдун өзүнө дагы кол салганын анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирген.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, Имамидин Ташовду Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып кетишкен.
Имамидин Ташов он бир күндөн бери ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын апасы Сайыпжамал Абдукайымова басма сөз жыйынында билдирди.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.
6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.
Сүрөт: Бишкектеги №1 абак жайы. «ПолитКлиника»