Депутат Тазабек Икрамов: Сөз эркиндигине басым болуп жатат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкөдө сөз эркиндигине басым болуп жатканын белгиледи.

-Конституциянын 10-беренесинде:  «Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет.

Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот» деп жазылып турат.

Бул беренени айтып жатканымдын себеби, жакшы жумуш алып барсаңыздар дегеним, (Президенттин жана Минкабинеттин өкүлүнө кайрылып). Атай, Эрлан деген жигиттер өз пикирин, өз оюн айтканга укуктуу. Бийликке эч кандай коркунуч болбогон нерсеси менен аларды эки айга камаган туура эмес деп айтат элем.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына, бүгүн көптөгөн сайттарга, журналистика тарабына басым болуп жатат, Конституция менен иштебей жатабыз, Конституцияга карама-карщы келип жатат. “Азаттык” десек болот, ушулардын алдына барып, “өрттөп кетем” деп кыйкырган адамдардан мамлекет тарабынан коргоо болушу керек эле. Ал нерсе кылынбай, бүгүнкү күнү сөз эркиндигине каршы, басмырлоо, Конституцияга каршы жумуштар жасалып жатканы бул өтө туура эмес болуп жатат. Мамлекетибизде мыйзам менен, Конституция менен иш алып барсак жакшыраак болот эле.  Жалпы кармалган адамдар, ой-пикирин айткан адамдар боюнча дагы туура чечимге келесиздер деген ойдомун,-деди депутат Икрамов.    

13-октябрда Бишкекте “Азаттыктын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылгандар акцияга чыгышкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты