Маданият министрлиги “Азаттык Медиасынын” сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин чыгарды

  • 1 год мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Бул тууралуу аталган министрликтин Фейсбук баракчасында жарыяланды

Маалыматта мындай деп айтылат:

-Өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлдү.

Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда («Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA” аттуу видеоматериалы (https://www.youtube.com/watch?v=zGU3o1Y4p4w) жана (https://rus.azattyk.org/a/32037683.html) эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.

Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында “Азаттык Медиа” мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.

Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле кылынып, “Азаттык Медиа” тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.

Ошондуктан министрлик Кыргыз Республикасынын “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2022-жылдын 24-октябрындагы № 12-3/6873 (талап кылынгандан кийин 24 сааттын ичинде) көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөн.

Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде 204-токтому менен бекитилген “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин» жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, «Азаттык Медиа» сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды, -деп айтылат маалыматта.

«Азаттык Медиасынын» Бишкек бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева «ПолитКлиника» медиасына бул окуя боюнча мындай комментарий берди:

-Азырынча биз бул маалымат менен социалдык тармактар, министрликтин Фейсбук баракчасы аркылуу таанышып жатабыз. Бир аздан кийин толугураак маалымат беребиз. Ал эми «Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Джеймс Флайдын билдирүүсү менен сайттан таанышууга болот, -деди Касмалиева.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу мындайча билдирүү жасаган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентининин билдирүүсүндө.

24-октябрда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесине кат жолдоп, “Настоящее время” телеканалынын Ютуб каналынан “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен түз эфирге чыккан берүүсүн алып салууну талап кылган. Министрдин орун басары С.Н.Надырбековдун колу коюлган катта бул материал “коомдогу кырдаалды курчутуп, өлкөнүн беделине көлөкө түшүрөт” деп айтылат жана 24 сааттын ичинде ал материалды өчүрүп салуу талабы коюлган.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты