Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. «Азаттыктын» алдына митингге кимдер чыкты? 

Бүгүн, 13-октябрда, “Азаттык Медиа” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” медиалары жабылсын деген талап менен митинг болуп өттү. 

“ПолитКлиника” медиасы аталган акцияны уюштурган адамдар тууралуу жана акциянын түпкү максаты эмне экенин текшерип көрдү. 

Эске салсак, буга чейин дагы “Азаттык”, “Кактус Медиа”, “Клооп” сыяктуу көз карандысыз медиаларга каршы акциялар уюштурулуп келген. Анда бул онлайн басылмаларды жабууну жана аларга “чет элдик агент” макамын берүүнү талап кылып келишкен.

Эмне болгон чет элдик агенттер?

2014-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Анын катарына депутат Надира Нарматова да кошулган. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, бул мыйзам коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салмак. Тагыраагы, коммерциялык эмес уюмдар бардык иштерин ачыктап туруусу керек жана аларга “чет элдик агент” макамы берилиши керек болчу. Бирок бул мыйзам долбоору парламентте кабыл алынган эмес. 

Кызыгы, Турсунбай Бакир уулу “Кактус”, “Клооп” медиаларына каршы ушул жылдын 9-февралында өткөн акциянын активдүү катышуучусу жана координатору болгон. Ал акцияда бүгүнкү митингдин уюштуруучусу Илимбек Исраилов дагы болгон. 

Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. "Азаттыктын" алдына митингге кимдер чыкты? 

Илимбек Исраилов деген ким?

Илимбек Исраилов өзүн активист жана блогер катары көргөзүп келет. Ал буга чейин жарандык коом уюштурган бир нече тынчтык акцияларында провокациялык иш-аракеттерди жасап, бузууга аракет кылган. Мисалы, 2022-жылы 8-мартта өткөн аялдардын укугун коргоо акциясына катышкандарды айыптап, мурдагы жылдагы акциянын катышуучуларынын сүрөттөрүн Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында өрттөшкөн. 

Ошондой эле 2019-жылы 2-декабрда өткөн Гапар Айтиев атындагы улуттук музейде өткөн фемминале акциясына камчы менен келип, провокация кылган

Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. "Азаттыктын" алдына митингге кимдер чыкты? 

Кийин ушул жылы апрелде Бишкекте өткөн Украинадагы согушка каршы акцияда дагы катышуучуларга чагымчыл суроолорду берип жүргөн.

Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. "Азаттыктын" алдына митингге кимдер чыкты? 

Ошондой эле уюштуруучуларды жана катышуучуларды “НПО, гей, лесбианкалар” деп атап келет. Ошондой эле Илимбек Исраилов коррупцияга айыпталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду да активдүү колдоп келген. 

Белгилей кетсек, 2019-жылы “Азаттык радиосу”, Kloop медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан. Анда 2015-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимов коррупциялык схеманы түзгөнү ачыкка чыгарылган. 

Илимбек Исраилов бүгүн, 13-октябрда “Азаттыктын” алдында өткөн митингде радикалдуу билдирүүлөрдү дагы калтырды. Мисалы, “Азаттыктын имаратын өрттөп жиберем” деген коркутууларды айтты.  

Илимбек Исраилов менен чогуу бүгүнкү акциянын активдүү катышуучусу Жыпаргүл Баргибаева болду. 

Жыпаргүл Баргибаева деген ким?

Жыпаргүл Баргибаева ачык булактардагы маалыматтарда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун мурдагы жубайы деп айтылат. Ошондой эле ал «Ала-Тоо айымдары» экологиялык кыймылынын жетекчиси. Жыпаргүл Баргибаев 2020-жылы 10-мартта болуп өткөн тынчтык акциясында байкалган. Анда жарандык коомчулук зомбулукка каршы митингге чыккан. Ал жерде Жыпаргүл Баргибаева катышуучуларды кемсинтип, жаман сөз менен айыптаганын жазып чыгышкан. Кызыгы, ал дайыма мындай митингдерге элечигин кийип, улуттук баалуулуктар тууралуу айтып чыга келет. 

Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. "Азаттыктын" алдына митингге кимдер чыкты? 

Акциянын башка катышуучуларын журналисттер сүрөткө, видеого тартып, комментарий алууга аракет кылышканда, баары плакаттары менен бетин жаап, эмне талап менен келгени тууралуу суроолорго жооп бере алышкан жок. 

Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. "Азаттыктын" алдына митингге кимдер чыкты? 
Матраимовдун колдоочусу, күмөндүү акциялардын уюштуруучулары. "Азаттыктын" алдына митингге кимдер чыкты? 

Чет элдик агенттер мыйзамынын уландысы

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты Надира Нарматова, мурда аягына чыкпай калган мыйзам долбоорун ишке ашыруу аракетинде. 2022-жылдын 10-февралында Надира Нарматова чет өлкөлөрдөн каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылды.  «ПолитКлиника» медиасы бул мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын далилдеген. Нарматова бул мыйзам долбооруна алтынчы чакырылыштын депутаттары бөгөт коюшканын айтып чыккан. Анын айтымында, ал убакта коммерциялык эмес уюмдардын 20дай өкүлү депутат болуп турган. Ошондой эле Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар бийликтин жана өлкөнүн тынчын алууда деп айткан.  

Эскерте кетсек, 12-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу үчүн кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты